Көптөгөн чиновниктердин айып пулу чийилген, - депутат «Коопсуз шаар» боюнча

АКИpress -  Жогорку Кеңеште «Вега» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүчү депутаттык комиссия түзүү тууралуу айтылып жатат. «Вега» ЖЧКсы — «Коопсуз шаар» долбоорунун 1-этабын ишке ашырган оператор.

Депутат Айбек Осмоновдун («Бир Бол») айтымында, бул боюнча фракциянын чечими да бар.

«Вега» көптөгөн чиновниктердин айып пулун чийип коюп, жөнөкөй элге айып жүктөлүп калды», - деген депутаттын айтымында айып пулдар жокко чыгарылганын компания сыноо жүргүзүлгөнү менен түшүндүргөн.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Вега оперейтинг компани» ЖЧКнын жетекчиси — Насипкулов Арман Шаршенович (мурун Молдоусупов Бакыт Эсеналыевич болчу).

Ал эми түзүүчүсү — «КЕМИН Майнин» ЖЧК менен «Концерн радиостроения «Вега» АК. Кайра катталган убактысы: 22.07.2019.

Ал эми «Кемин Майнин» ЖЧКсын Дербишалиев Кумар Токонович түзсө, жетекчиси — Дүйшеев Алтынбек Мамбеткулович. Компания 2015-жылдын 5-мартында кайра каттоодон өткөн.

Источник: Баракелде