Табып: Уу коргошун менен дарылоо үчүн «кызыл зонага» киргизүүнү суранам

Баракелде -  Табып Хашим Зайналиев президент Садыр Жапаровдон жана Саламаттыкты сактоо министрлигинен уу коргошундун (аконит) жардамы менен коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн «кызыл аймакка» киргизүүнү суранат.

Зайналиев 29-апрелде АКИпресстеги маалымат жыйынында билдиргендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда COVID-19 илдетин дарылоо боюнча эффективдүү протокол жок жана расмий медицина терең кризисте турат. Ал эми Кыргызстан бул кырдаалдан ички ресурстарды – элдик медицинаны колдонуп чыгып кетсе болот, деп эсептейт.

Анын ою боюнча, учурда Кыргызстандагы ооруканаларда «туура эмес дарылап жатышат». Зайналиевдин айтымында, мунун баарына өз талаптарын таңуулап жаткан фармацевтикалык корпорациялар, Батыш күнөөлүү.

«Медицинада COVID-19 вирусунун туруктуу патологиялык көрүнүштөрү болгон кандын коюулануусу, кан тамырларды тромбдордон арылтуу, артерия тамырларындагы тромбоэмболияны токтотуу, иммунитетти калыбына келтирүү жана көтөрүүнүн протоколу да, дарылоо процедурасы дагы жок. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, COVID-19 бейтаптын организминдеги бактериялардын вируленттүүлүгүн же патогенезин активдештирип, антибиотиктерге сезимталдыгын төмөндөтөт. Ансыз деле көпчүлүк бейтаптар антибиотиктердин таасирине туруштук берип, аны пайдалануу натыйжасыз болуп калууда. Уу коргошунду колдонуу антибиотиктерге караганда кыйла натыйжалуу болот», - дейт Зайналиев.

Бирок ал изилдөөлөрүн кантип, кайда жүргүзгөнүн, кандай клиникалык протоколдору бар экенин айткан жок.

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны «кызыл аймакка» киргизүүнү суранды.

«Мен президенттен мени «кызыл зонага» киргизүүнү суранам. «Кызыл зонада» мен реанимациадагы адамдарды дарылайм жана аконит менен дарылоонун натыйжалуулугун тастыктайм. Менин бардык жумуштарымды дарыгерлер жана адамдар көзөмөлдөп турушсун, биз адамдарды өлүмдөн куткарабыз», - дейт Зайналиев.

Зайналиев журналисттердин скептикалык суроолоруна нааразычылыгын билдирип, аларга коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколдорун түзүүнүн деталдарын изилдөөгө кеңеш берди. Ал колдонулган протоколдордун бардыгы «калкты жок кылууга багытталган» деп эсептейт.

Медициналык билими жөнүндө сураганда, микробиолог адистиги боюнча билим алганын айтты. Бирок ал дарылоону чөптөрдү колдонуп, элдик медицинанын негизинде гана жүргүзөт. Зайналиев мыйзамсыз дарылоо жүргүзгөнү үчүн соттолгонун жана адамдарды дарылоого тыюу салышканын мойнуна алды. Бирок ал соттордун чечимдери менен макул эмес жана күнөөсү далилденсе, жоопко тартылууга даяр.

Ал уу коргошундун кайнатмасы чындыгында уулуу, бирок мунун баары пропорцияга байланыштуу дейт. Зайналиев кыргыздар илгертеден эле аконитти ар кандай ооруларды, анын ичинде рак ооруларын дарылоодо колдонуп келишкен деп ырастоодо.

Источник: Баракелде