Депутат Бекешев: Баланы зордуктаган кишини химиялык бычуу жөнүндө мыйзам кабыл алуу керек

Баланы зордуктаган кишини химиялык бычуу тууралуу мыйзам кабыл алуу маселеси 15-апрелде Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев мындай мыйзам долбоору парламентте 2013-жылы кабыл алынганын, бирок президент ага кол коюудан баш тартканын белгиледи жана Ошто жети жаштагы кызды зордуктоого шек саналган 26 жаштагы тургун кармалганын мисал келтирди:

“Азыр ошого кайрылсак. Себеби кайра эле ошондой иштер болуп жатат. Президенке кайрылат элем, келгиле, ошону киргизели. Мына, Казакстан эки жыл мурда киргизген. Алардын тажрыйбасын көрсөк болот”.

Учурда Жазык кодексинин 129-130-беренелерине ылайык, балага жыныстык ыдык көрсөткөндөр 20 жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилет.

Казакстан химиялык бычууну 2018-жылы мыйзамдаштырып, бюджеттен 2000 инъекцияга жете турган акча бөлгөн.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 2020-жылы балдарга карата жасалган 1101 кылмыш катталса, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон. Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалымат жок.

Источник: Азаттык уналгысы