ИИМдин жетекчилигинин жоопкерчилиги дагы каралат, - өкмөт башчы Айзаданын өлүмү тууралу

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Айзаданын өлүмү боюнча тиешелүү чара көрүлөт, кызматтык тергөө жүрүп жатат, деди премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн, 8-апрелде өкмөт үйүнүн алдындагы митингчилерге.

Митингдин катышуучулары өкмөт башчыдан ИИМдин жетекчилигин отставкага кетирүүнү талап кылышты.

Марипов бул маселе да караларын айтты.

«Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгы тууралуу айтабыз. Убакыт бергиле. Бул маселе президент жана менин жеке көзөмөлүмдө турат», - деди ал.

Премьер-министр тергөө аяктамайынча ким күнөөлүү экенин айта албай турганын билдирди.

«Бардык тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги каралат», - деди Марипов.

Источник: Баракелде