Бишкек ШИИБдин башчысы Айзаданын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев 8-апрелде борбор калаанын милициясында өткөн маалымат жыйында маркум Айзада Канатбекованын туугандарынан жана жакындарынан кечирим сурады.

«Мен Айзаданын үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан кечирим сурайм. Мен ата-энелердин башынан өткөргөн бардык азаптарын түшүнөм.

5-апрелде эртең менен Бишкек шаарында уурдалган Айзаданы милиция кызматкерлери издөөнү бир мүнөт да токтотушкан жок», - деп билдирди Матмусаев.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы кыз ала качууга каршы экенин белгиледи.

Источник: Баракелде