Кобогон Атышов: “Карантиндик чектөөлөргө азыр эртелик кылат”

Кыргызстанга кайрадан карантиндик чектөөлөрдү  киргизүүгө али эрте. Бул тууралуу экономика илимдери боюнча эксперт Кобогон Атышов  жергиликтүү маалыматтарга пикирин билдирген.

Маалыматта, эксперт  карантин жарыялоонун алдында илдеттин жайылышы боюнча дүйнөлүк статистиканын тенденциясына салыштырып кароо керектигин баса белгилеген.

“Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте так статистика жок. Канча киши ооруп жатат, канча киши дүйнө салды, канча киши айыгып кетти, так жазылган расмий статистика жок. Ошондуктан алдын ала эч ким, эч нерсе айта албайт”, – дейт Атышов.

Ошондой эле министрлик элге так маалымат берип, ачык айтышы керектигин да айтып өткөн.  “Мен атайын карап чыктым. Азырынча бизде мындай маалыматтар, изилдөөлөр жок, андыктан карантиндик чектөө жарыялоо али эрте”, – деп белгилейт.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев оорунун жаңы толкуну башталса, эл санитардык нормаларды сактабаса, өлкөдө карантин жарыялоо керектигин коомчулукка эскерткен.

Источник: argument.kg