Шадиев АКШга барып кыргыз мигранттарына зыян келтирип жатат

Обратите внимание на дату публикации.

2018-жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ал ошол жылы эле Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга качып кеткен.

АКШга барган Шадиев жөн жатпай ал жактан Кыргызстанды тоноп кеткен акчасына фирма ачыптыр «Трак» жук таашыган. Бул АКШга барып жүктөрдү ташуу фирмасынын кызматы үчүн ал жактагы бааны арзандатып жиериптир. Ал жакта биздин кыргыз мигранттарыбыз да эмгектенет. Шадиевдин Америкага барып кыргыз мигранттарына зыяны тийип жатканына баары нааразы болуп жатыптыр. Шадырандаган Шадиевдин го Кыргызстанды тоногон миллион, миллиарддары бар. Ал эми АКШда ак эмгеги менен эмгектенип жаткан кыргыз мигранттарынын эмгек акысын арзандатып жибергенин кандай түшүнсөк? Шадиев Кыргызстанга эле эмес, АКШга барып боордошторго да зыян келтирип жаткан экен.

Өлкөдөн АКШга качып кеткен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча сот аны 10 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөөгө милдеттендирилди. Ошондой эле анын мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлмөкчү. Чечим сырттан окулду.
Эгер унутуп баратсаңар Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын байлыктарын карап көргүлө. Маалыматка караганда, соттолуучунун жалпысынан 1 миллиард 852 миллион 236 миң 99 сом байлыгы ачыкталган.

Тизме:
«Карвен — төрт мезгил» пансионатынын 33,33 пайыз мүлкү;
«Аква Инвест Плюс» ишканасынын 50 пайыз мүлкү;
«Карвен Групп» ишканасынын 50 пайыз мүлкү;
«Трейд Инвест» («Ала-Арча» соода-оюн-зоок борбору) ишканасынын 100 пайыз мүлкү;
«Ларель» мекемесинин 50 пайыз мүлкү;
Аламүдүн районунун Орто-Сай айылындагы «Ала-Арча» турак жай комплекси, жеке үй (№14);
Аламүдүн районунун Орто-Сай айылындагы «Ала-Арча» турак жай комплекси, жеке үй, контур (№19);
Бишкектин Манас кең көчөсүнүн 11/1 дарегиндеги кеңсе;
Тойота Лэндкрузер 150 үлгүсүндөгү автоунаа;
Аскарбек Шадиевдин коммерсиялык банктардагы 5954 доллар акчасы;
Аскарбек Шадиевдин жубайы Асел Шадиевага таандык болгон коммерсиялык банктардагы 4 миллион 171 миң 227 сом каражаты.
Мындай каражат карапайым адамдын түшүнө да кирбейт. Кыргызстанды кемирип кесип жеген Шадиевге окшогон адамдар кармалып, жазасын алышы керек! АКШнын элчисинен УКМК Шадиевди кармап берүүсүн суранышты. АКШ кармап берер бекен же жашырып коебу?

Источник: kazat.org