Бүгүн Бишкек шаарынын мектептеринде салттуу форматтагы окуу процесси жанданды

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарынын мектептеринде салттуу форматтагы окуу процесси жанданды.

97 билим берүү мекемеси 1, 5, 9 жана 11-класстарга эшиктерин ачууну пландаштырган. Бирок алардын бардыгы ачылганы азырынча белгисиз. Мэриянын билим берүү бөлүмү бул маалыматты жаңыртып жатат.

Эки жуманын ичинде эпидемиологиялык абал начарлабаса, 1-февралдан баштап салттуу билим берүүгө өтөт.

Балдарды шахмат түрүндө отургузуу үчүн класстар 2 топко бөлүнөт. Биринчи смена саат 8:00дө, экинчиси – түшкү тамактануу убагында башталат. Сабак болгону 20 мүнөткө созулат, тыныгуу учурунда окуучулар коридорго чыгышы керек жана класс желдетилип турат.

Окуучулар мектептин аймагына киргенде дене табы текшерилет. Мектептин кире беришинде балдардын колдору тазалоочу каражат менен тазаланат. Бет каптын болушу сөзсүз, ата-энелер буга кам көрүшү керек.

Ата-энелерге мекеменин аймагына кирүүгө тыюу салынат, бирок алар бала мектепке киргенге чейин кете алышпайт, анткени окуучу жөтөлүп же мурундан суу акса, аны үйүнө жеткириш керек. Ошондой эле, үй-бүлөдөн бирөө ооруп жатса, баланы мектепке алып келбеш керек.

Мындан тышкары, окуучуларга мектеп формасын кийүү милдеттүү эмес.

Ошондой эле, мэрия ата-энелер кандайдыр бир себептер менен балдарын азыр мектепке жиберүүнү каалабаса, онлайн режиминде билим алуу мүмкүнчүлүгүн караштырды. Бул учурда мектеп мугалимдерди сабакты онлайн режиминде өткөрүү үчүн телефон жана интернет менен камсыздашы керек.

Источник: Кyrgyztoday