«Жалпы иш»: Айрым талапкерлер добуш сатып алып, административдик ресурс колдонуп жатышат

Обратите внимание на дату публикации.

Президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин айрымдары шайлоочулардын добушун сатып алып, аларга кысым көрсөтүп, административдик ресурс колдонуп жатышат. Бул тууралуу 5-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында «Жалпы иш» коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти.

Фонддун координатору Арсланбек Өмүрзаковдун айтымында, 25-октябрдан 28-декабрга чейин байкоо жүргүзүлүп, 53 мыйзам бузуу катталды.

«Шайлоочулардын добушун сатып алуу, андан тышкары басым жасалып жатканы тууралуу арыздар келип түшүүдө», - деди ал.

Фонддун маалыматына караганда, 53 фактынын 31и административдик ресурсту колдонууга, 15и добуштарды сатып алууга жана жетөө басым көрсөтүүгө байланыштуу. Айрымдары боюнча арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынан координациялык тобуна жөнөтүлдү.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөнү жатат. Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. 

Источник: Азаттык уналгысы