Сабиров: автоунааны техникалык кароодон милдеттүү өткөрүү кайра киргизилет

16 декабря 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин 16-декабрындагы отурумуна катышкан вице-премьер-министр Равшан Сабировдун билдиргенине караганда автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү тартиби кайрадан киргизилет:

"Бул боюнча техникалык кароону кайра киргизели деп турабыз. Азыркы тапта катализатору жок машинеден көмүр кычкыл газы 2-2,5 эсе көп көтөрүлүп жатканын билебиз. Ушул учурда илимпоздор менен жарандык коом чогулуп, мамлекеттик органдар менен чогуу талкуулап жатабыз".

Бул тууралуу вице-премьер-министр депутат Осмон Турдумамбетовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат отурумда өкмөттү аракетсиздиги үчүн сындады:

"Азыр машинелерде катализатор деген калбай калды. Эл аны кесип туруп сатып ийди. Катализатордо баалуу металлдар, палладий, рудий деген бар экен. Машиненин катализаторун текшерген пистолет бар. Ал 2 миллион сом турат. Сиз аныктап атабыз дейсиз, андай болгон жок. Орусияга сатылып жатат катализаторлор. Буга чейин катализатор жүктөлгөн бир жүк ташуучу машине кармадыңарбы?".

Автоунаадагы катализатор - атмосферага уулуу заттардын чыгуусун тосуп турган чыпка. Азот кычкылы, ыс жана көмүр кычкыл газын кайра иштетип, зыянсыздандыра турган машиненин тетиги.

Кыргызстанда автоунааны милдеттүү кароодон өткөрүү тартиби 2012-жылы алынып салынган.

Жогорку Кеңештин 16-декабрдагы отурумунда абанын булгануусуна байланышкан маселе көтөрүлүп, өкмөт депутаттардын кескин сынына кабылды.

Бишкек акыркы күндөрү дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башына чыгууда. Мамлекеттик органдар буга шаардагы 47 жаңы конушта жайгашкан 75 миң түтүн үйдүн көмүр жагуусу, баш калаадагы 410 миңден ашуун менчик автоунаа себеп болуп жатканын билдирип келишет. 

Источник: Азаттык уналгысы