Бишкектеги мектептер качан ачылары белгилүү болду

Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн.  Мындай маалыматты мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.  

«14 жашка чейинки балдар арасында COVID-19 менен ооругандардын саны азайган учурда, борбор калаадагы мектептер III чейректен баштап штаттык режимде иштөөгө өтөт», - деп билдирди ал.  

Ошондой эле К. Кундашев, Бишкектеги  жеке менчик мектептер 6-класска чейинки балдарды офлайн режимде окутуп жатканын эскерте кетти. 

Источник: media-center.kg