Кыргызстан COVID-19 вирусуна каршы вакцина алууга аракеттенүүдө

Коронавирус инфекциясына каршы вакцина сатып алуу боюнча кыргыз өкмөтү Орусия менен сүйлөшүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бүгүн, 26-ноябрда брифингде билдирди. Анын айтымында, Орусиядагы вакциналар сыноодон өтүп, жалпы дарылоого киргизилери менен Кыргызстанга жеткирилет:

«Бул багытта биздин өкмөт август айында Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Вакцинанын көлөмү, алып келүү графиктери, Кыргызстанда каттоо жана башка маселелер чечилген. Биздин адистер Москвага барып, «Спутник V» вакцинасынын клиникалык сыноо жараяндары менен таанышып келишти».

Сурабалдиеванын айтымында, Кыргызстан коронавируска каршы вакцина сатып алуу боюнча башка мамлекеттердеги даярдалып жаткан вакциналардын натыйжалуулугуна да көз салууда.

Коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасынын натыйжалуулугу 95% түзгөнүн Орусиянын Түз инвестициялар фонду аз күн мурун кабарлаган.

Орусиянын «Sputnik-V» вакцинасы чет өлкөлөргө 20 АКШ доллардын айланасында сатылары, ал эми орусиялыктарга бекер сунушталары маалымдалган.

Источник: Азаттык уналгысы