Тажикстанда жаңы жылдык салтанаттар өткөрүлбөйт

Тажикстанда жаңы жыл майрамына карата салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынды. «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлагандай, Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб ушундай чечим чыгарган.

Адистер муну дүйнөнүн көп мамлекеттеринде COVID-19 илдетинин экинчи толкуну башталганы, экономикалык жана каржылык кризис күчөп, жумушсуздук көбөйгөнү менен негиздешти.

Коомдук жайларда сейилдөөгө чыккандарга беткап тагынып, бир жарым-эки метр аралык сакташы зарылдыгы такай эскертилүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, 19-ноябрга карата Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 11 772 адамга жетти. Алардын 86сы каза болуп, 11 148и сакайган.

Источник: Азаттык уналгысы