Улуттук банк 17,1 миллион доллар интервенция жүргүздү

16 октября 2020
Версия для печати

Кыргызстандын Улуттук банкы 15-октябрда 17,1 миллион доллар интервенция жүргүздү.

Улуттук банктан билдиришкендей, бул кадамга акыркы күндөрү доллардын курсу кескин өсүп кеткени себеп болду.

2020-жылдын башынан бери Улуттук банк ушуну менен 14 жолу интервенция жүргүздү. Анда жалпы 303,3 миллион доллар валюта базарына чыгарылды.

Бишкектин валюта базарларында, valuta.kg сайтында учурда 1 доллар 81,5 сомдон алынып, 81,53-81,90 сомдон сатылып жатат.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча 15-октябрда бир доллар 79,68 сомго барабар болсо, бүгүн, 16-октябрда 80,70 сомго көтөрүлдү.

Источник: Азаттык уналгысы