Бакиевдер “Бүтүн Кыргызстан” партиясын колдоп, Жалал-Абаддагы жолугушуусуна келишти (ФОТО)

22 сентября 2020
Версия для печати

“Бүтүн Кыргызстан” партиясын Бакиевдер каржылап, финансылык дагы, моралдык дагы жактан колдоп жатканын айтса эле, Мадумаров адатынча бет тырмап, бүтүнчүлөр бир тыйыныбыз жок деп жанды жешет,- деп жазды Фейсбук колдонуучусу Дамир Сабиров.

“Шайлоо болгон сайын ага олчойгон акчаны күрөөгө коюп, катышуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Чөнтөгүңдө бир тыйының жок болсо, Адахам бет тырмагандай, үйүңдө 2 кил. унуң жок болсо, шайлоону эмес, жан багыштын айласын ойлойсуң.

Адахам болсо Бакиевдердин кыргыз элинен тоноп кеткен акчаларын алып, шайлоо болгон сайын катышып келет. Же өтпөйт.

Бакиевдердин “Бүтүн Кыргызстанды” колдогону кечээ жакында болгон Жалал-Абаддагы агитациялык иштеринде аппачык билинип калды. Жолугушууга эч уялбастан, бекинбестен, качкын Курманбек Бакиевдин бир туугандарынын балдары Бакиев Санжар Жусупбекович жана Салиев Курсант Акматович, эжеси Гүлпари Баймуратовалар жүрдү, Адахамга “поддержка тээп”.

Тообо, ушундай да болот экен! Элдин дагы эс тутуму кыска окшойт, тез эле Бакиевдердин жасаган кыянатчылыгын унутуп, Адахамды колдоп чуркап жүрүшөт. Адахамды бийликке жолотпош керек, ал келсе, Бакиевдер Кыргызстанга кайтып келди деп эсептей берсек болот”,- деп жазды Фейсбук колдонуучусу Дамир Сабиров.

Источник: abal.kg