Мамлекеттик органдар коронавирустун экинчи толкунуна даяр болушу керек, - премьер-министр

22 сентября 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

аракелде -  Адамдар жыш чогулган жерлерде бет кап тагынуу жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоого багытталган чаралар тыкыр сакталышы кажет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, бир катар жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө эпидемиологиялык абал оорлоп баратканы байкалууда.

«Түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен ата мекендик саламаттыкты сактоо тутуму жана башка мамлекеттик органдар ыктымал болгон коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даяр болушу керек. Республикада күн сайын COVID-19 дартына жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккандар катталууда. Көпчүлүк жарандар бет кап тагынуу, социалдык обочолонуу сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай калды. Ошондуктан жер-жерлерде эпидемияга каршы иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин улантуу зарыл», - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Саламаттыкты сактоо министрлигине жана башка тармактык органдарга ооруну алдын алуу чараларына басым жасоо менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырды.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, эл көп чогулган жерлерде, анын ичинде жарандарды кабыл ала турган мекемелерде, коомдук транспортто жана базарларда бет кап тагынуу режимин сактоо боюнча ишти күчөтүңүздөр. Бул өтө маанилүү. Бет кап режими оорукана, соода борборлору сындуу эл көп чогулган жерлерде милдеттүү түрдө сакталышы керек. Санитардык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык текшерүү иштерин күчөтүшү зарыл», - деди премьер-министр.

Источник: Баракелде