Саламат Садыкованын кызы: “Ар бирибизде ата-эне бар, эске алалы туугандар…”

1 сентября 2020
Версия для печати

Ырчы Саламат Садыкованын жана бир нече адамдын кыргыздар тууралуу талкуулап жаткан видеосу тарады.  Бул бир мүнөттүк видеодо  адамдар “таза кыргыздар” Кыргызстандын кайсы жагында экенин талкуулашып, Оштун бир нече районун анан Нарын облусун аташкан. Талкуунун жүрүшүндө Садыкова “Нарындыктар кытайлашып кеткен” деген пикирин билдирген.

Буга байланыштуу Саламат Садыкованын кызы элден кечирим сурады.

“Урматтуу замандаштар, урматтуу нарындык туугандар. Кечээтен бери менин апам сүйлөгөн видео катуу талкууга алынууда. Эс алып жүргөн жерге атайы сүрөткө түшөлү деп келип, талкуу баштап, ал үй бүлөдөн бирөө таратып жатат. Видеону жакшылап көрсөңүздөр башында таза кыргыздар деп санаганда нарындыктарды кошуп сүйлөгөн. Анан бирөөсү алар уйгур аралашып десе, сөз улап койгон…Апам чек ара кайсы өлкөгө катарлаш экениндиги тууралуу ойду улап эле сүйлөп койгон. Тилекке каршы аны чоң тема кылып жайылтышууда. Жайылтып жаткандар дагы жооптуу экенин унутпайлы.
Активдүү таратып жаткан жигиттен кечирим дагы сурагам, бирок ал жигит кечиримди кабыл алган жок…
Таратып жаткан баракчалардын айрымдары менен сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Тилекке каршы мени укпай жатышат. Видео көп баракчаларга тарап кетти…Кечээтен бери менин дагы тынчымды алгандар көп болууда.
Элибизде: “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”- дейт. Апамдан ката кеткен болсо, айтылган сөз катуу тийген болсо сиздерден кечирим сурайм. 
Ар бирибизде ата-эне бар, эске алалы туугандар….Макул апам адашыптыр.. Бирок түнү бою уктабай активдүү түрдө каралап, эң жаман сөздөр менен жазып, таратып жаткандар дагы жоопкерчилик тууралуу ойлонушса болмок.
Хайп жаратуу үчүн, просмотр үчүн бир күн бою социалдык тармакта активдүү иштеп жаткандар тууралуу дагы тактап чыктым. Баарыбыз адашабыз, эч ким бул жашоодо идеалдуу эмес. Мүмкүн болсо ырбатпайлы туугандар, кечиримдүү бололу. Түшүнүшүүгө чакырам. Урматым менен Кундуз”

Источник: fakt.kg