Баракелде - 31-августта «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева брифингде билдирди.
Анын айтымында, эпидемиологиялык абалды эске алуу менен иш-чара 10:00дөн 11:00гө чейин өтөт.
Бул күнү массалык жана башка майрамдык иш-чаралар пландалган эмес.
Кечки саат 22:00дө «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют атылат.