Акматова: Ысык-Көлдө коронавирустун көбөйүшүнө аймакка кирип жаткан элдин агымы себеп болууда

Обратите внимание на дату публикации.

Ысык-Көлдүн аймагында эпидемиологиялык абал өткөн аптада кескин курчуду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда коронавирустун көбөйүшүнө аймакка кирип жаткан элдин агымы себеп болууда.

“27-июлда коронавирус жуктургандардын саны 72 киши болсо, эки күн ичинде бул көрсөткүч 155ке жетти”, — деди Акматова.

Ошондой эле Акматова Ысык-Көлгө барган конокторго социалдык аралыкты карманып, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Источник: Govori.TV