Өзгөндө таксисттин өлүмү акыйкат тергелишин талап кылып 100дөй киши көчөгө чыкты

29-июль күнү Өзгөн районунун администрациясынын алдына 100дөн ашуун киши чогулду. Алар Өзгөн районуна караштуу Заргер айылынын киши колдуу каза болгон 29 жаштагы тургунун өлүмүн акыйкат тергөөнү талап кылышты. Бул туурасында Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев билдирди:

«Алар соттордон, милициядан «кылмышкерлерди соттоп бересиңер» деген талап коюп келишиптир. Биз көзөмөлгө алаарыбызды айтып, түшүндүрдүк. Алар кылмыш кылгандар акча берип чыгып кетүүсүнөн чочулап жатышат».

Дыйканбаевдин айтуусунда нааразылыкка чыккан маркумдун туугандары, айылдаштары бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн соң тарап кетишкен.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында нааразылык акциянын учурунда эч кандай мыйзамсыз аракеттер болгон эмес.

Таксистти өлтүрүүгө жана анын өлүмүн жашырууга шектелген төрт жарандын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган.

Мурда таратылган маалыматтарга караганда жергиликтүү милиция автоунаасы менен кошо өрттөлгөн адамдын сөөгүн 27-июлда тапкан. 29 жаштагы такси айдоочу дайынсыз жоголгону тууралуу арыз менен жакындары 19-июлда кайрылган. 

Источник: Азаттык уналгысы