Текебаев: Жаштардын демилгеси менен миңдеген өмүрлөр сакталып калды

“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев коронавирустан жакындарын жоготкон кыргызстандыктарга көнүл айтты. Өмүрбек Текебаев бул тууралуу видео-кайрылуусун Улуттук аза күтүү күнүн утурлай, 29-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды. Анда Текебаев пандемия Кыргызстандын саламаттык сактоо, экономика жана башка тармактардагы көйгөйлөрдү оркойтуп, ачык көрсөткөнүн айтты:

“Таажы вирус тараган алгачкы аптада элибиз оору менен бетме-бет жалгыз калып, от кечкендей өзү күрөштү. Жүздөгөн адамдарыбыз акыретке моюн сунса, калгандары оорунун экинчи толкунунан чочулап жашап жатышат. Түн канчалык караңгы болсо, таң ошончо жаркын болот. Калкыбыз карманарын билбей карайлап турган чакта жаңы муундун опол тоодой демине күбө болдук. Жаштардын деми, ыктыярчылардын аракети менен ооруган адамдарга, медицина кызматкерлерине чоң жардам көрсөтүлүп, миңдеген өмүрлөр сакталып калды”, - деп билдирди.

Өмүрбек Текебаев бул коркунучтуу апаатта жакындарын жоготкон адамдарга көңүл айтып, кыргызстандыктарга ден соолук каалады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, жубайы Айгүл Текебаева экөө тең коронавирус илдетине чалдыгып, айыгып чыгышкан.

Президенттин жарлыгы менен 30-июль Кыргызстанда коронавирус курмандыктарын эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1347 адам каза тапты. 

Источник: Азаттык уналгысы