Covid-19ду дарылоо жобосуна кандай өзгөрүү кирет?

Автор: Азиза Марат кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы

Кыргызстанда Covid-19 вирусун дарылоо боюнча клиникалык жобо толукталып жатат. Ал негизинен бейтапты дем алдыруу тууралуу толуктоолордон турат.

Дарылоо жобосун иштеп чыккан комиссиянын мүчөлөрүнүн айтымында, акыркы №3 жободон эч нерсе алынбайт, болгону айрым пункттары толукталып, майда-чүйдөсүнө чейин чечмеленип жазылат.

Учурунда жана туура дарылануу кыйынчылыгы

Коронавирустан дарыланып жаткан Аида аттуу жаран сапаттуу медициналык жардам алуу, диагнозуңду так билүү азапка турарын айтты.

 "Оорунун башталышында көп дары албаш керек деп айтылып жатат. Суу ичип, гимнастика жасап үйдө отургула деди. Бирок белгилери башталгандан кийин эле текшерилсек пневмония болуп жатпайбызбы. Билимдүү дарыгерлерге муктаждык өтө чоң, алар баарына эле туш келе бербейт", - деди бейтап.

Акыркы клиникалык жобону иштеп чыккан комиссиянын мүчөсү профессор Нурлан Биримкулов буга чейин Кыргызстандагы дарылоонун маңызын түшүндүргөн эле.

 "Пневмония учурунда диагнозду тастыкташ үчүн рентгенге түшүү жана кайсы бир анализдерден өтүү талап кылынат. Дарыгер ар бир бейтаптын өзгөчөлүгүнө жараша төрт сааттын ичинде антибиотик жазыш керек. Бирок башында, вирус организмде таралып жаткан болжолдуу алгачкы бир аптада текшерүүлөр көп маалымат көрсөтпөйт экен. Бул вирус болгондуктан антибиотик жардам бербейт. Ошондуктан эмнеге аны ичиш керек? Антибиотик иммунитетти алсыз кылат. Айрыкча соңку антибиотиктердин терс таасирлери көп, жүрөктүн, боордун иштешине таасир этет", - дейт Биримкулов.

Дарылоо жобосундагы жаңы толуктоолор

Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Аида Зурдинованын айтымында, дексаметазонду колдонуу тууралуу толуктоо да кирет.

"Оор абалдагы жарандарды дарылаганга аз өлчөмдө дексаметазон колдонуу тууралуу толуктоо кирип жатат. Мындан сырткары реанимациялык жардам берүү боюнча дагы кошумчаларды киргизип жатабыз. Анткени ал жетишсиз болчу. Мунун үстүндө адистер иштеп жатат. Калганы баары эл аралык тажрыйбадан алынып мурда түзүлгөн", - дейт Зурдинова.

Бул комиссия №1 жана №2 клиникалык жоболор туура эмес болгон деп эсептейт. Зурдинова "талашып жатып аны өзгөрткөнүбүз туура болгон" деп ойлойт, айтымында, андагы лопинавир, ритонавир жана гидроксихлорохин организмди көбүрөөк ууландырган. Маалыматына ылайык, көп өлкөлөр бул дарылардан баш тартышты.

3-июлда кабыл алынган акыркы №3 клиникалык жобо үй-бүлөлүк дарыгерлер же биринчи болуп жардам берчү медкызматкерлер үчүн. Ал эми стационар үчүн №3 жобо 8-июнда чыккан экен.

Зурдинова июлдун башынан бери өлүмдүн көп болушунун себеби жаңы жоболордо эмес, аны колдонбогондукта деп жооп берди Би-Би-Сиге. Айтымында, көп жерде пневмонияны жаңы сунуш боюнча менен эмес, бактериялдык пневмонияны дарылоо жолдору менен дарылашкан.

Башкы фармаколог кошумчалагандай, өлүмдүн негизги себеби алгачкы баскычта туура эмес дарылоо, гормоналдык дарыларды, антибиотиктерди көп сайуу болгон.

Кошумча дем алдыруунун мааниси

Эмки толуктоолордо дем алдыруучу жабдыктарды колдонуу боюнча сунуштар кенен камтылган.

Комиссиянын дагы бир өкүлү, далилдөөчү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова анын маанисине токтолду:

"Муну ийне-жибине чейин түшүндүрүп берип жатабыз. Анткени эл да, медкызматкерлер да анчалык билишпейт экен. Кычкылтек жабдыгы ар бир бейтапка киргизилбей, керебеттерге түтүктөр аркылуу сырттан келиш керек. Андан сырткары бизде мурда СИПАП жабдыктары жок болчу, аларды колдонуу тууралуу жазылат. Ошондой эле чоң агым менен келчү кычкылтек деген бар, ага маани бериш керек. Бейтаптарды көмкөрөсүнөн жаткырып алып, жасалма дем алдырууга жеткирбей ушул ыкмалар менен абалдан чыгарып кетсе болот".

Вируска каршы дарылардын талашы

Covid-19 вирустук илдет болсо эмне үчүн акыркы клиникалык жободо вируска каршы дарылар кошулган жок деген талкуулар уланып келатат.

Аны иштеп чыккан топ аталган дарылардын пайдасынан зыяны көп экени эл аралык изилдөөлөрдө көрүнүп жатат, натыйжасы тууралуу далилдер жок дешти. Айтымдарында азыркы жобого организмге оң таасири далилденген гана дарылар кирди.

Азыркы комиссия жазда тирешти утуп, фармацевтикалык фирмалардын кызыкчылыгын жойгонун айтууда.

Ошол эле маалда тескерисинче алардын өз кызыкчылыгынан шектенгендер да жок эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңешин мурда жетектеген Айбар Султангазиев бир топ өлкөнүн коронавирусту дарылоо жобосунда вируска каршы дары болгонуна карабай, Кыргызстан кошпогонун баса белгилеп келатат.

"Жобону иштеп чыккан комиссияда үч киши бар. Алар вице-премьер-министрдин сунушу менен киргизилген. Ооруканада иштеп жүргөн бирин өкмөттүк аппаратка алып келди. Клиникалык жобо кабыл алынып жатканда ошол үч киши көпчүлүккө басым кылып, кабыл алган. Мен дүйнөдөгү 10 чакты өлкөнүн жобосун карап чыктым. Аларда вируска каршы дарылар бар. Биздин жободо ал жок. Ошондуктан элди дарылоонун натыйжасы азыраак болуп жатат", - дейт Султангазиев.

Жогорудагы комиссия дагы өз учурунда дарыларды алып келүү үчүн ар кандай күчтөрдүн ортосунда айгышкан "согуш" жүрүп жатканын белгилейт.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си