Бишкекке Москвадан 233 жаран келди

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарына «Урал авиалиния» авиакомпаниясынын Москва–Бишкек багыты боюнча Россиядан Кыргызстандын 233 жараны келди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, борттогу орундардын санынын чектелгендигинен жана мекенине келүүнү каалагандардын саны көптүгүнөн улам бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

«Каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар келишти», - деп айтылат маалыматта.

Источник: Баракелде