Баардыгына бийликти эле күнөөлөй бербей өзүбүз дагы оңолбойлубу?

Автор: Канатбек Аскаров
Медиа центр Медиа центр

Коронавирус пандемиясы кыргыз бийлигин алка-жакадан алып сындаганга дагы бир олуттуу себеп болуп бере алды. Интернеттеги социалдык желелерде бийликти коркутуу, одоно сөздөр менен сындоо бүгүнкү күндүн модасына айланды. Өзүн учурдун патриоту көрсөткүсү келгендин баары сынчы болуп отурат. Тараза ташына жагдайды жакшылап салмактап көрүп, анан акыйкат оюн айткандар аз. 

 Туура, бийлик көптөгөн катачылыктарды кетирди. Бүгүнкү эле бийлик эмес, 29 жылдан бери мамлекетибиздин өнүгүүгө карай эмес, улам очорулуп отуруп баратканына себепкер болгон буга чейинки бийлик ээлери да күнөөлүү. 

 1990-жылдардын башында Кыргызстанды солкулдатпастан туруп өнүктүрүп кетүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк бар эле. Көз карандысыздык, өз алдынча түндүк көтөргөн мамлекет катары жалындап турган дем менен көп нерселерди жасасак болмок. Айыл чарбабыз да, мал чарбабыз да жолго коюлуп калган болчу. Ошону эле анча-мынча оңдоп-түздөө менен улантуу керек эле. Анте алган жокпуз. Советтер союзу бекемдеп берген билим берүү системасы, саламаттыкты сактоо системасы калган. Аны ар кайсыл өлкөнүн долбоорлорун алып келип жармаштырып жатып, жамаачыга айланттык. 

 Улам жаңы келген бийлик байкалбастан талкаланып бараткан тармактарды чукул реформалоо демилгесин колго алган жок. Жөн гана косметикалык оңдоп-түзөөлөр жасалып жүрүп отурду. Качан гана пандемия босогобуздан уруксаты жок кирип келгенде жыртылып, жараксыз абалга келип калган жагдайларыбыз ачыкка чыкты. 

 30 жылга чукул убакыттан бери өлкөбүздө эффективдүү саламаттыкты сактоо системасы түзүлбөптүр. Заманбап ооруканалар курулбаптыр. Медициналык кадрларды даярдоого жана аларга камкордукту өз деңгээлинде көрүүгө көңүл бурулбаган экен. Кесепетин бүгүн тартып жатабыз. Аргасыздан кафе-ресторандарды, алтургай мечиттерди да күндүзгү, түнкү стационарларга айланттык. 

 Мамлекеттин бакубатчылыгы үчүн биринчи кезекте саламаттыкты сактоо жана билим берүү системасына көңүл бурулуш керек экендигин эми сезгенсип отурабыз. Заманбап ооруканаларды куруунун ордуна биз бюджеттин акчасына ат майданып куруп, тарых музейин реконструкциялап отуруп алыптырбыз. Бакубат жашоо-шартка өп-чап гана жете турган айлык акыны медицина кызматкерлери жана мугалимдер алып, олчойгон айлыкты депутаттар алып келиптир. Калктын саламаттыгы үчүн, калктын сабаттуулугу үчүн тытынып иштегендер кара жарма менен жашап келсе, жөн гана бакырчаак, кыйкырчаак депутаттар казы-карта, чучук жей тургандай жашап келишти. Булардын кимисине мамлекетке көбүрөөк пайда келип жатканын пандемия ачыктады. Ырас, мамлекеттик маанилүү мыйзамдарды кабыл ала турган, эл аралык келишимдерди ратификациялай тургандар – эл өкүлдөрү. Алар ашкере көп айлык алып жатышат дегибиз келбейт, бүгүнкү базар баасына ылайык эмгек акы. Бирок, ошолордон кем эмес маанилүү эмгек өтөп жатышкан дарыгер, мугалимдердин айлыгы эмне үчүн алардыкынан аз болушу керек? 

 Эмне үчүн биз 1990-жылдардын баш ченинен тарта эле өзүбүздүн кен байлыктарга өзүбүз толук кандуу ээ боло албай келатабыз? Аларды өзүбүз мамлекеттик бекем көзөмөл менен иштетип жаткан болсок, экономикабыз эбак көтөрүлүп, бүгүнкүдөй пандемиянын шартында бир эле алтын кенибиз бир нече ооруканаларды курууга, медицина кызматкерлеринин муктаждыктарын камсыздоого акыбалы жетет эле. Бир мугалимдин өмүр бою иштеп таппай тургандай суммадагы акчасын азыр алтын кенин иштеткен чет өлкөлүктөр бир эле айда алып коюп отурушпайбы. Ырас, мунун баары буга чейинки бийликтердин кетирген каталары. 

Ал эми бүгүнкү өкмөт коронавирустун коркунучтуу экенин өз убагында этибарга албай койгону болду. Бул вирус өткөн жылдын декабрь айында эле Кытайдын Ухань шаарында пайда болгону белгилүү болгон. Ошондон тарта эле андан сактануу үчүн кыргыз өкмөтү ооруканаларды куруп, медициналык муктаждыктардын запасын камдап койгонго толук убактысы жетиштүү эле. Оору менен күрөшүүнүн өздүк алгоритмин иштеп чыгыш шарт болчу. Мунун баары жасалган жок. 

 Март айынын аяк ченинде жалпы өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Андан көп өтпөй айрым аймактарда өзгөчө абал, карантин киргизилди. Ошондо да өкмөт канча адам коронавирус жуктуруп алганын, канчасы айыкканын, канча адам коменданттык сааттын талаптарын бузганын эсептеп эле отурду. Болбосо, минтип отуруунун ордуна пандемия өлкөбүздө кеңири жайылып кетсе кандай чараларды көрөбүз деген суроонун үстүндө анализ жүргүзсө мындай көрүнүшкө кептелмек эмеспиз. 

 Ошентсе да бүгүнкү жагдайга бир гана бийлик эмес, эл өзү да күнөөлүү. Жаңыдан карантин киргизилгенде «коронавирус деген оору деле жок окшойт, жөн эле саясатка го» деп жүрдүк. Эптеп эки айга чукул убакыт үйдө отуруп, анан карантин алынаары менен эле кол кармашып учурашып, той-аштарга топтолуп, бет кап тагынуу дегенди унуттук. Натыйжада оору өтө тездик менен жайылып кетти. Анан дайыма күнөөнү бийликке коюп үйрөнгөн жаныбыз өнөкөт сындообузду баштадык. Президент элге кайрылып жатса деле, тиешелүү аракеттерди көрүп жатса деле, социалдык түйүндөрдө «Мамлекет башчысы бир үн катып койбойбу» деген сыяктуу көкүтүүлөр башталды. Алтургай өзүнүн баскан изинин баары жалаң алдамчылык менен коштолгон, аты менен фамилиясын бир нече жолу алмаштырып жетишкен бирөө президентке импичмент талап кылып чыга калды. Албетте, мындай мыйзамсыз демилге эл тарабынан кабыл алынбашы турган иш.

 Балким ойлоно турган убактыбыз келди. Өзүбүздөн кеткен катачылыктарды да ачык айтып, бийликтен кеткенин да белгилеп, анан аларды кайталабоонун аракетин жасайттырбыз. Ар ким өз катачылыгын оңдоп отурса гана өзгөрүү болот. Ал эми өзүнүкүн көрбөй, өзгөлөрдү гана чукушуп отура берсек, анда кайдагы өзгөрүү?

Источник: Медиа центр