Эми Россияга баргандар 2 жумалык карантинге алынбайт

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Россияга чет өлкөлөрдөн барган адамдар үчүн милдеттүү түрдө 2 жумалык карантинде болушу керек деген эреже күчүн жоготот. Бул чечим 15-июлдан тарта күчүнө кирет.

Расмий бийликтин маалыматы боюнча, сырт жактан барган чет өлкөлүк жарандар жана Россиянын жарандары чек арадан коронавируска карата тапшырылган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Анын мөөнөтү Россияга барганга чейинки 3 күн ичинде же Россияга баргандан кийин 3 сутка ичинде текшерилген учурда гана жарактуу. Ошондой эле жумуш берүүчүлөр кызматкерлери тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилди.

Март айынын аягынан бери Россиянын аймагына кирген адамдар 2 жума бою милдеттүү түрдө изолияцияда болушкан.

Источник: Баракелде