Достуктун жаштары жердештерине 9 кычкылтек концентраторун сатып беришти

Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Достук айыл аймагында жаштардын демилгеси, ишкерлердин жана айыл өкмөттүн колдоосу менен 9 кычкылтек концентратор алынды. Бул тууралуу Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Мамасадыков билдирди.

Белгилүү болгондой, Достук айыл аймагынын жаштары ар бири 630 долларга бааланган аппараттан 9 даана сатып алып, аймактык ооруканага тапшырууну пландап жатышат. Буга чейин аймактык оорукана менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бирден гана жасалма дем алдыруучу аппарат болгон.

«Биздин айыл аймактагы аймактык ооруканада жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бирден гана жасалма дем алдыруучу аппарат бар экен. Ал да мындан 5 жыл мурда берилгени айтылды. Азыркы тапта баарыбызга белгилүү болгондой, күн сайын илдетке чалдыккандар жана андан каза болуп калгандардын саны өсүп жатат. Илдеттен коргонуу жана анын алдын алуу максатында айыл жаштары демилге көтөрүп, муун-муун болуп каражат жыйнап, аппарат сатып алууну колго алышты. Ага айылыбыздагы жеке ишкерлер да кошулду. Учурда баасы 630 доллар же 47 миң 250 сом болгон кычкылтек концентраторунан 3 даанасы Түркия мамлекетинен алынып келинди. Калган 6 аппаратка буйрутма берип каражатын төлөп койду. Ал да алдыңкы күндөрү келип калат. Буюрса 9 аппаратты аймактык ооруканага тапшырабыз. Ал да болсо бейтаптардын өмүрүн сактап калууга чоң жардам берет», - дейт айыл өкмөт башчы З.Мамасадыков.

Мындан сырткары ал учурда айыл аймакта илдетке чалдыккандар жок экенин кошумчалады.

Эске салсак, Достук айыл аймагында 11 миңге чукул калк жашайт.

 

Источник: Turmush