Чыныбай Турсунбеков: Нарындагы жайлоо талаш боюнча өкмөттүк комиссия түзүлсүн

Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-июндагы жалпы жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков Нарын облусундагы жайыт маселесин чече албай жатканы үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сынга алды. 

Анын айтымында, бир аптадан бери Кочкордору Кумбел-Бел жайлоосу боюнча чыр уланып жатат. Аксай эли менен Жерге-Тал элинин ортосунда жайыт талаш маселеси эки айылдын тирешүүсүнө чейин жеткирди. “Эл менен чогуу чече турган мүмкүнчүлү жокпу сиздерде?”, - деп сурады депутат министрдин орун басары Жаныбек Керималиевден

Орун басардын айтымында, бул маселе боюнча буга чейин райондун жетекчилери менен биргеликте тегерек столдор өткөрүлгөн жана тиешелүү токтомдор бар. “Мен өзүм дагы Кум-Белге барып жеринде таанышып келдим. Ал жердеги абал туруктуу, бирок комиссия түзүп, иликтөө жүргүзүү чечими кабыл алынды”, - деди ал.

Депутат өткөрлгөн тегерек столдор, жолугушуулар формалдуу эмес болгону жана натыйжасыз болуп жатканы көрүнүп турат, деп сынга алды. “Ал жакта өтө катуу чатак болуп жатат. Жайытты ижарага берүү маселеси башынан туура эмес чечилген деп жатышат. Бул маселе райондук же облустук деңгээлде эмес, өкмөттүк деңгээлде чечилиши керек. Өкмөттүк комиссия түзүлүп, тезинен жеринен тактоо иштери жүргүзүлүп, туура чечим кабыл алынсын”, - деп айтты Чыныбай Турсунбеков

Источник: media-center.kg