Баракелде - Бүгүн, 22-майга карата Кыргызстанда дагы 37 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын саны 1350 адамга жеткенин эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
COVID-19 аныкталган бейтаптар менен 6600 адам байланышкан. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 2150 адам жатат.
Акыркы сутка ичинде 2207 изилдөө жүргүзүлдү.