Нарын шаары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал аяктады

Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда онлайн-брифингде өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы району карантинге алынган.

«11-майдан баштап Нарын шаары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими алынды. Өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Ошол эле мезгилде өкмөт башчынын тапшырмасы менен Ат-Башы районуна карантин киргизилген. Бул тапшырманы аткаруу үчүн өкүлчүлүктүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктары чыгарылган. Учурда тиешелүү иштер жасалып жатат», - деди ал.
 

Источник: Turmush