Бишкекте милиционер айдоочуну жаакка чапты (видео)

Бишкекте милиционер жаранга кол көтөрдү. Бул тууралуу видео интернетке тарады.

Андагы маалыматтар боюнча окуя Бишкектин Түштүк магистралы менен Тынчтык проспектисинин кесилишкен аймагында болгон.

Тараган видеодо көрүнүп тургандай милия кызматкери алгач жаранды түртүп андан соң жаакка чапкан.

Видео

Бул окуя боюнча Бишкек комендатурасы азырынча билдирүү жасай элек.

Источник: govori.tv