Казакстанда өзгөчө абал 11-майга чейин узартылды

Обратите внимание на дату публикации.

Тиешелүү буйрукка президент Касым-Жомарт Токаев дүйшөмбүдө кол койгонун Ак Ордонун маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, коңшу өлкөдө «коронавирусту жугузуп алгандардын саны эң жогорку чекке жете элек» жана «кырдаалдын көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу сакталып турат».

Мына ушундай жүйөлүү себептерден улам өзгөчө абалды узартуу боюнча чечим кабыл алынган. Ошондой эле президент 1-майдан тартып Алматы-Нур-Султан шаарларынын ортосундагы авиакаттамдар жанданарын кошумчалады.

Андан сырткары муктаж үй-бүлөлөргө 100 доллардын тегерегиндеги жардам экинчи жолу көрсөтүлөт.

Казакстанда коронавирус жуккандардын саны 2800 адамга чукулдап калды жана 25 киши көз жумду.

Источник: Азаттык уналгысы