Орозалиев: ишкерликке уруксат берүү боюнча тарап жаткан маалымат жалган

Обратите внимание на дату публикации.

Ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев карантин бүткөндөн кийин биринчи болуп ишке кирчү ишкерликтин түрлөрү жазылган маалымат фейк экенин билдирди.

Социалдык тармактарда 1-5-май күндөрү чарбалык буюмдар сатылган дүкөндөр, техникалык тейлөө, автоунаа жуучу жайлар жана чач тарачтар менен сулуулук салондору иштей баштары жазылган сүрөттөр тарап жатат.

Ошол эле баракта 6-10-майда күрөөканалар, чакан насыя берүүчү компаниялар, 11-15-май күндөрү ашкана, кафелер, жатаканалар ишин жандантары көрсөтүлгөн.

24-апрелде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев 30-апрелден кийин карантиндин мөөнөтү узартылбаса адегенде курулушта иштегендерге, техникалык тейлөө жана желимдөө станцияларынын, такси кызматынын ишине уруксат берилерин айткан. 

Источник: Азаттык уналгысы