Коронавирус пайда болгондон бери Кыргызстандын 6767 жараны мекенине кайтты

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Коронавирус пайда болгон учурдан баштап Кыргызстандын 6767 жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жарандар дүйнөдө коронавирус пайда болгон учурдан баштап Тышкы иштер министрлиги жана башка мамлекеттик органдардын жардамы менен Кыргызстанга кайтып келди.

«Алардын көпчүлүгү Россиядан, ошондой эле, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Египет, Таиланд, Кытай, Малайзия, Корея, Индонезия, Шри-Ланка, Вьетнам өлкөлөрүнөн келди. Мындан сырткары Москвадан келген каттам менен жарандар АКШ, Франция, Улуу Британия, Доминикана Республикасы жана башка мамлекеттерден учуп келишти», - деп айтылат маалыматта.

Источник: Баракелде