Кыргызстанда дагы 19 адам коронавирус жуктурду. Жалпы саны — 631

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Бүгүн, 23-апрелге карата Кыргызстанда дагы 19 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарында, Ош, Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 631 адамга жетти. Акыркы суткада 48 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

- Бишкек шаарында 8;

- Ош шаарында 4;

- Ош облусунда 3;

- Чүй облусунда 4.

Источник: Баракелде