Чили коронавирустан айыккандарга атайын паспорт берет

Обратите внимание на дату публикации.

Чили дүйнөдө биринчи болуп коронавирустан айыккан жарандарына «иммундук паспорт» бергени турат. Бул аларга обочолонуу режимин же башка чектөөлөрдү сактабай коюуга мүмкүнчүлүк берет. Иммундук паспортту алгандар жумушуна да кайта алышарын «Washington Post» гезити жазды.

«Дал ошол адамдар коомчулукка чоң жардам бере алышат. Анткени алар коркунуч туудурбайт» деди саламаттык сактоо министри Хайме Маньялич санарип картаны ишке киргизүү тууралуу жарыялап жатып.

Ошондой эле калкты жапырт тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн соң оорунун симптомдору аныкталбаган адамдар да аталган паспортту алууга арыз бере алышат.

Түштүк Америкадагы бул өлкөдө жаңы коронавируска чалдыккандар 11 миңди чамалады. 147 адам көз жуумп, 5 миңдейи айыкты.

Источник: Азаттык уналгысы