Казакстанда коронавирус жуккандардын 30% медиктер

Обратите внимание на дату публикации.

Казакстанда акыркы суткада дагы 30 адам коронавирус жугузганы аныкталып, COVID-19 илдетине чалдыккандар жалпы 2025 киши болду. Алардын жарымы борбор Нур-Султан менен Алматы шаарында.

Жаңы вирусту жугузгандардын 589у (30% жакын) медицина кызматкерлери экенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Расмий маалымат боюнча 500гө жакын адам айыкты, 19 адам көз жумду.

Источник: Азаттык уналгысы