Нурболот Үсөнбаев: “Эми Бишкектеги жеке менчик лабораторияга каалаган адам барып, коронавируска тест тапшыра алат”

Обратите внимание на дату публикации.

Бишкектеги Скрябин көчөсү 92 дарегинде жайгашкан жеке менчик лабораторияга каалаган адам барып, ал жактан коронавируска тест тапшыра алат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымы боюнча, Бонецкий лабораториясынын (0312) 544516 номери аркылуу коронавируска тест тапшыруу үчүн толук маалымат алса болот.

Буга чейин, жеке менчик лабораториядан тест тапшыруунун баасы 2000 сом болору айтылган.

Белгилей кетсек, өлкөдө жалпысынан 612 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Оорудан сакайгандардын саны – 254. Ал эми каза болгондордун саны – 7.

Источник: Кyrgyztoday