Коронавирус илдетинен каза болгон Ноокаттын тургуну жерге берилди. Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, сөөктү жерге берүүгө жана жаназасына турууга маркумдун туугандары катыша алган жок.
“Коронавирустан каза тапкан ноокаттык жаранды жерге берүүдө 5-6 адам гана болду. Жаназасы ошол жерде окулду. Ачык айтайын, тууган-уруктарынан эч ким болгон жок. Азыркы абалды, оорунун жайылышын олуттуу кабыл алып, үйдө болгула”, — деди комендант.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда алгачкы жолу коронавируска кабылган 61 жаштагы жаран көз жумду.