Turmush - Ак-Талаа районунда сөөк коюу зыйнаты аз сандагы адамдардын катышуусунда өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук казыятынан билдиришти.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында узак оорудан улам каза болгон 66 жаштагы тургун учурдагы кырдаалга байланыштуу жаңы эреже менен жерге берилди.
Маалым болгондой, ал каза болгондон кийин эле жаназасы окулуп, жакын туугандарынын катышуусунда гана жерге берилген. Ошондой эле бодо мал союлган эмес жана боз үй тигилген жок.
«Азыркы болуп жаткан кырдаалды эл түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Кыргызстанда катталып жаткан коронавируска байланыштуу имамдар айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаназа жакын туугандарынын гана катышуусунда өтүшү керектигин эскертип жатабыз. Учурдан пайдаланып, жалпы элге жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан жергиликтүү бийликке жана Жаңы-Талап айылынын имамына ыраазычылык билдирип кетмекчибиз», - деди райондун имамы Акылбек Эсеналиев.
Айыл тургундарынын айтымында, 66 жаштагы эркек киши боор оорусунан жапа чегип жүргөн. Ал кечээ, 1-апрелде саат 10:00 чамасында кайтыш болгон.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, коронавирусту, анын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн башкармалык тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алган. Алардын бири — адам узак оорудан, кырсыктын кесепетинен, ошондой эле карылыктан каза болсо, жаназа намаздары маркумдун жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйлөрдө окулуусу сунушталат.
Ак-Талаада узак оорудан каза болгон тургун «жаңы эреже» менен жерге берилди
![]() |
2 апреля 2020
Версия для печатиОбратите внимание на дату публикации.
Источник: Turmush