Ысык-Көлдө да коронавирус аныкталды

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Бүгүн, 31-мартка карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов түшкү онлайн маалымат жыйында айтты.

Жаңы катталган бейтаптардын ичинен:

Бишкек шаарында 1;

- Нарын облусунда 3;

- Ысык-Көл облусунда 2;

- Чүй облусунда 1;

- Ош облусунда 5;

- Жалал-Абад облусунда 1 адам бар.

«Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирус аныкталган бейтаптардын ичинде 58 аял, 49 эркек, алардын ичинде 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана улгайган 31 адам бар», - деп айтылат республикалык ыкчам штабдын маалыматында.

Источник: Баракелде