“Бир дүйнө Кыргызстан” абактагы айрым адамдарды бошотууга чакырууда

Обратите внимание на дату публикации.

Бул тууралуу укук коргоо кыймылынын өкмөт башчыга жана коронавирустун алдын алуу штабына жолдогон кайрылуусунда айтылган. Анда учурдагы өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жабык жайлардагы аялуу адамдарды: 60 жаштан улууларды, аялдарды, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана жашы жете электерди бошотууга чакырган.

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул абактарда адамдарды өлүмгө жеткирбөө максатында чукул чыгарыш керек:

"Баш мыйзам боюнча абактардагы адамдардын эркиндиги гана чектелген. Башка эркиндиктери: ден соолугун, өмүрүнүн коопсуздугун сактоо толук кандуу иштөөсү тийиш".

Төлөйкан Исмаилова мындан тышкары коронавирус тууралуу маалымат жеткирүү, дарыгерлерди жана жаза аткаруу кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо боюнча маалыматтык өнөктүк жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюму эпидемиологиялык абал курчуп турган учурда жабык жайларга жардам берүү боюнча күч кызматтарынан, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, Акыйкатчы институтунан жана укук коргоочулардан турган эксперттик топ түзүүнү да сунуштоодо. 

Источник: Азаттык уналгысы