Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 88 адамга жетти

Баракелде -  Бүгүн, 26-мартта саат 08:05ке карата Казакстанда дагы 5 адамдан коронавирус аныкталды. Саат 08:25ке карата дагы 2 бейтап катталган. Бул маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы катталган бейтаптардын ичинен бешөө Нур-Султан шаарында болсо, экөө Алматы шаарында.
Муну менен Казакстандагы жалпы бейтаптардын саны 88 адамга жетти.

Алардын ичинен:

- 46 адам Нур-Султанда;

- 34 адам Алматыда;

- 2 адам Карагандада;

- 1 адам Алматы облусунда;

- 1 адам Ак-Төбө облусунда;

- 2 адам Шымкент шаарында;

- 1 адам Жамбыл облусунда;

- 1 адам Түндүк Казакстанда.

  • Кыргызстанда 25-мартта аныкталган 2 адамды кошкондо жалпы 44 адамга коронавирус жуккан.

Источник: Баракелде