Коменданттык сааттын алгачкы күнү. 4 саат аралыгында 160 мыйзам бузуулар орун алды

Автор: Бактыгуль Момбекова
SUPER.KG SUPER.KG

25-март саат 08:00дөн тарта 15-апрель саат 08:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Коменданттык саат күчүнө киргенден кийин Бишкекте бир катар мыйзам бузуулар болду. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 4 саат аралыгында борбор калаада 160 мыйзам бузуу фактылары катталды. Эрежени бузгандар Бишкек шаарындагы райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Аларга тиешелүү чаралар колдонулат дешти мэриядан.
 

Источник: super.kg