Коронавирус Кыргызстанда: Кошумча 30 миң экспресс-тест алынып келет

Баракелде -  Бүгүн, 25-мартта 112 500 долларга ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине келип түшөт, деп билдирди республикалык ыкчам штаб.

«Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарды, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү.

Буга чейин Кыргызстанга 22 500 долларга ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест жеткирилген. Ал экспресс-тесттер Кыргызстандын өкмөтүнүн эсебинен иш жүзүнө ашырылган», - деп айтылат маалыматта.

Источник: Баракелде