ИИМ: Такси да токтошу керек, баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт

Өзгөчө абал эрежесин сактабаган такси кызматтарынын жана жүргүнчү ташыган жеке таксилердин автомашиналары атайын токтотулуучу жайга киргизилип, айдоочуларга мыйзамдын негизинде тиешелүү катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу 25-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай, коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук транспорттун, анын ичинде жүргүнчү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп, ооруканага түшкөндөрдүн жалпы саны 42 адам болду. 25-марттын саат 9:00уна карата жаңы учурлар катталган жок.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, бул убакытта адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек.

25-мартта Бишкекте автобус-троллейбустар каттабай калды. Таксилер жүрүп жатат.

Источник: Азаттык уналгысы