«Левада»: орусиялыктардын 75% совет доорун мактайт

Орусиядагы «Левада борборунун» соңку сурамжылоосуна катышкан жарандардын 75% советтик доорду өлкө тарыхындагы «жакшы учур» деп эсептей тургандыгы белгилүү болду. Алар бул мезгилди «туруктуулук, келечекке ишеним, жакшы жашоо» деп сыпатташкан. Ошондой эле 65% СССРдин кыйрап калганына байланыштуу өкүнүчүн билдирген.

Ал эми сурамжылоого катышкандардын 18% гана советтик доорду дегеле эңсебей турганын айтышкан. Терс ойдогулар ал учурдагы таңкыстык, узун кезектер жана талондор, чет өлкөлөргө мүмкүнчүлүктү жапкан «темир парда», сенектик жана репрессиялар тууралуу эскеришкен.

Ошол эле учурда «Советтер Союзу баскан жолго кайтып барууну» каалагандар 28% гана түзгөн. Ар бир онунчу жаран Орусия европалык жолдо өнүгүшү керек деп билдирген. Сурамжылоого катышкандардын теңинен көбү Орусия өзүнүн өңүгүү жолун табышы керек деген ойдо болгон.

Источник: Азаттык уналгысы