Биринчи вице-премьер: "Өзгөчө абал маалында жарандын маршруттук баракчасы болушу шарт"

Автор: Бактыгуль Султаналиева
SUPER.KG SUPER.KG

Бүгүн, 24-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында Бишкек шаары жана бир катар аймактарга киргизилген өзгөчө абалдын тартиптери тууралуу айтылып жатат. Ага ылайык, эртең мененки саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:

Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;

Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;

Дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу.

Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн гана чектөө жайылбайт.

"Эгерде кайсы бир жаран дарыканага барыш керек болуп калса, ал биз атайын иштеп чыгып жаткан анкетаны маршруттук кагаз катары толтуруп алышы керек. Маршруттук кагазда жарандын өздүгү, жашаган жеринин дареги жана дарыкананын болжолдуу дареги жазылат. Жаранды патрулдук кызматкер текшерип калса, ушул көрсөтүлгөн багыттан башка жакка кетпейт деген тастыктоо керек. Бул эрежелер ыңгайсыздык жаратарын түшүнүп турабыз, бирок эпидемия жайылып кетпеши үчүн колдонулуп жаткан чараларды биздин жарандар туура түшүнөт деп ойлойм. Өзгөчө абал маалында өзүн алып жүрүү эрежелерин бузгандар жоопкерчиликке тартылат. Дагы эскерте кетүүчү нерсе, ар бир жаран жанына өздүгүн тастыктаган документ жана маршруттук баракчасын алып жүрүүсү шарт", - дейт вице-премьер Боронов.

2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 26 адам катталган. Кыргыз өлкөсүндө жалпы 42 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды.

 

Источник: super.kg