«Ишибиз жок»: Россиядагы кыргызстандыктар президентке кайрылды (видео)

Баракелде -  Бүгүн, 23-мартта Москва — Бишкек каттамы токтотулуп, 22-майга жылдырылды. Бул тууралуу «Репортерго» Россияда жашаган кыргызстандык жарандар билдирди.

Алардын айтымында, каттамдын токтотулганын бүгүн гана билдиришкен.

«Элчиликтен Кыргызстан каттамдарды кабыл албай жатканына байланыштуу эч кандай жардам бере албайбыз дешти. Каттам 22-майга жылдырылды. Биз бул жерде дагы 2 ай эмне кылабыз? Ишибиз жок болсо, документтерибиздин мөөнөтү дагы бүтүп жатат», - дешти алар.

Видео

Видео

Источник: Баракелде