Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду коронавирустун алдын алуу иштерине 12 млн сом бөлдү

Turmush -  Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облусундагы коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылышын көзөмөлдөө иштерине материалдык каражат бөлөт. Бул тууралуу аталган фонддун байкоочу кеңешинин жыйынында маалым болду.

Маалыматка караганда, фонддон Ысык-Көл облусунун 5 району, 2 шаарына 1 млн сомдон, ал эми облустук оперативдик штабына 5 млн сом, жалпы 12 млн сом каралды. Аталган каражат облустагы саламаттыкты сактоо мекемелерине керектүү жабдыктарды, дары-дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды жана биринчи кезекте керектелүүчү медициналык буюмдарды сатып алууга жумшалмакчы.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө коронавирустун алдын алуу боюнча облустук оперативдик штаб иш алып барууда.
 

Источник: Turmush