Төлө Исаков, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: “Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жырыялоого негиз жок”

“Азырынча Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жырыялоого негиз жок” – деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 18-мартта болгон брифингде.

Анын айтымында, оорунун массалык таралышынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланат. Ал эми Сузакта өзгөчө кырдаалдын жарыяланышынын себеби, коронавируска чалдыккандардын бары ошол жактан жана ал адамдар менен байланышта болгон адамдардын саны көп.

Белгилей кетсек, бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда 3 адамдан коронавирус аныкталганы маалым болгон. Үчөө тең Жалал-Абад облусунун Сузак районун тургундары. Алар Сауд Арабияга умрага барып, 12-мартта кайтып келишкен.

Коронавирус табылган Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Источник: Кyrgyztoday